Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында Мады айыл өкмөтүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарада Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбеков Нурзаман Карыевич жана Мады айылдык кеңешинин төрагасы Темирбаев Канатбек Сүйүнбаевич куттуктоо сөз сүйлөшүп, энелерге терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Өкмөт башчы өз сөзүндө :
«Эне – бул турмуштун башаты, адамзатынын тиреги. Ар бир ийгиликтүү инсан артында мээрим төккөн эне турарын унутпашыбыз керек. Энелерибиздин кылган түйшүгү, чексиз сүйүүсү – бул баа жеткис байлык. Сиздерге терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бала-чакаңыздардын кубанычын көрүп жүрө беришиңиздерди тилейбиз!» – деп белгиледи.
Майрамдык иш-чаранын алкагында маданий концерт көрсөтүлүп, «шайыр апалар» тобу шаңдуу ырлары менен апалардын купулуна толуп, маданият үйүнүн бийчилери кооз бийлери менен майрамдык маанай тартуулашты. Мындан тышкары, таланттуу жаштар жана чыгармачыл инсандар да сахнага чыгып, ырдап-бийлеп, өз өнөрлөрү менен энелерге жана катышуучуларга майрамдык кубаныч тартуулашты. Концерттик программадан соң энелерге белектер тапшырылды.
Энелер майрамыңыздар кут болсун!