Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн тарыхы

Мады айыл аймагынын тарыхы

Мады айыл аймагы, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Асан-Чек айылында жайгашкан,  айыл аймагында 10дон ашуун ар кандай улуттан турган 36 183 калк бар.

Мады айыл аймагынын өзөгү 1957-жылдан башталган. Ал жылдары майда колхоздорду ирелештирүү иштери жүрүп,  Социализм, Сталин, Октябрь, Большевик Маленков колхоздору Лелинград колхозу менен Октябрь колхоздору бириктирилип М.В.Фрунзе атындагы колхоз болуп ирелештирилип кайрадан уюштурулган. 1992-1993-жылдары Курманжан Датка  атындагы айылдык комитет түзүлгөн.  1996-жылы май, июнь айларында Мады айылдык кеңеши, Курманжан Датка атындагы айылдык комитет менен  бириктирилип Мады айыл өкмөтү түзүлгөн. Мурдагы М.В.Фрунзе колхоз мезгилинде 3 жолу союздук өтмө Кызыл Тууну утуп алган.  Ал эми 2013-жылдын жыйынтыгы менен Республикалык  деңгээлде  өткөн  “Эң мыкты айыл өкмөтү”  кароо  сынагына  катышып, 2-орунду утуп 2 млн акчалай  сыйлыкка жана 2-даражадагы  Республикалык деңгээлдеги диплом менен сыйланган.

Мады  айыл аймагы  түштүк-чыгыштан Баш-Булак айыл аймагы, батыш тарабынан Датка айыл аймагы, түндүк-батыш тарабынан Жоош айыл аймагы, түндүк тарабынан Отуз-Адыр айыл аймагы жана түндүк-чыгыштан  Алай районунун Жаңы Алай айыл аймагы менен чектешет. Мады айыл аймагы деңиз денгээлинен 1200-1300 метр бийиктикте  жайгашкан.

Аймакта 13 айыл бар, алар:

 

  • Кыргыз-Чек 6443
  • Асан-Чек 6482
  • Каарман 4464
  • Учкун 2086
  • Жоош 2462
  • Октябрь 2644
  • Чагыр 2542
  • Мады 2991
  • Социализм 3899
  • Лаглан 1273
  • Тээке 903
  • Достук 2266
  • Кызыл-Тал 1561
Scroll to Top