КУЛАКТАНДЫРУУ!!!
Урматтуу Мады айыл аймагынын тургундары!
Сиздерди 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча өтө турган коомдук бюджеттик угууларга чакырабыз!
🗓 Өтүүчү күнү: 2025-жылдын 16-июлу (шаршемби)
🕙 Башталышы: саат 10:00
📍 Өтүүчү жери: Асан-Чек айылы,Б.Мадазимов атындагы маданият үйү
Бул коомдук иш-чаранын алкагында Сиз төмөнкү маалыматтарды аласыз:
✅ 2026-жылга карата жергиликтүү бюджет тууралуу толук маалымат алуу;
✅ Өзүңүздү кызыктырган суроолорду берүү;
✅ Бюджеттик процесске өз пикириңизди билдирүү аркылуу катышуу;
✅ Долбоор боюнча сунуштарды берүү.
📚 Бюджеттик Коомдук угуу үчүн керектүү маалыматтар менен төмөнкү даректерде таанышсаңыз болот:
📌 Мады айыл өкмөтүнүн кеңсеси – жеринде материалдар жеткиликтүү.
Мады айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайты – www.mady.gov.kg
💬 Өзүңүздүн сунуштарыңызды онлайн түрүндө www.gb.minfin.kg платформасы аркылуу да жөнөтө аласыз!
Келгиле, өзүбүз жашаган айыл аймагыбыздын өнүгүшүнө чогуу салым кошолу!
Сиздин ой-пикириңиз — келечекке багыт!