Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Бүгүн 16-июль күнү Мады айыл аймагында бюджеттик коомдук угуу болуп өттү

📢 МАДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

🗓 2025-жылдын 16-июлунда Мады айыл өкмөтүндө 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Иш-чарага айыл аймагындагы тургундар, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү активисттер жана айылдык кеңештин депутаттары катышып, өз ойлорун жана сунуш-пикирлерин билдиришти.

Угуунун жүрүшүндө:
• Аймактык инфраструктураны жакшыртуу
• Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү
• Балдарга, жаштарга жана улууларга ыңгайлуу шарттарды түзүү сыяктуу маанилүү маселелерди көтөрүштү.

Бул бюджеттик  коомдук угуу — калктын үнүн угуп, чечим кабыл алуу процессине жигердүү тартуу максатын көздөгөн, ачык жана катышуучулукка негизделген маанилүү кадам болуп саналат.

 Коомдук талкууга активдүү катышып, конструктивдүү сунуштарын берген бардык жарандарга терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Scroll to Top