Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Мады айыл аймагындагы жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган окуучулар сыйланды! 🎓

Жалпы Республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ)  жогорку упай алган окуучулар сыйланды!

🎓 Бүгүн Мады айыл өкмөтүндө чоң кубанычтуу учур орун алды. Айыл өкмөт башчысы Токтосунов Тагдырбек Токтосунович ЖРТ (жалпы республикалык тестирлөө) боюнча жогорку упай топтогон окуучуларды жана алардын билимге багыт берген эмгекчил мугалимдерин сыйлап, акчалай белек тапшырды.

📌 Бул сыйлоо — жөн гана эмгекти баалоо эмес, келечек муундар үчүн чоң мотивация!

Билимге умтулган жаштарды колдоо менен, биз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошобуз.

✨ Жаштарга кайрылабыз: Сиздер да аракет кылсаңыздар, максатыңыздарга сөзсүз жетесиздер! Бүгүнкү ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр — эртеңки эл кызматкерлери, илимпоздор, жетекчилер. Алардын ийгилиги — силер үчүн үлгү!

📚 Мугалимдерге — терең ыраазычылык! Сизlердин түйшүктүү эмгегиңиздердин үзүрүн бүгүн баарыбыз көрүп жатабыз.

📷 Бул күндүн урунттуу учурлары сүрөттөрдө.

 

Scroll to Top