Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү

Июль 2025

Мады айыл аймагындагы жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган окуучулар сыйланды! 🎓

Жалпы Республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ)  жогорку упай алган окуучулар сыйланды! 🎓 Бүгүн Мады айыл өкмөтүндө чоң кубанычтуу учур орун алды. Айыл өкмөт башчысы Токтосунов Тагдырбек Токтосунович ЖРТ (жалпы республикалык тестирлөө) боюнча жогорку упай топтогон окуучуларды жана алардын билимге багыт берген эмгекчил мугалимдерин сыйлап, акчалай белек тапшырды. 📌 Бул сыйлоо — жөн гана эмгекти баалоо эмес, келечек […]

Бүгүн 16-июль күнү Мады айыл аймагында бюджеттик коомдук угуу болуп өттү

📢 МАДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ 🗓 2025-жылдын 16-июлунда Мады айыл өкмөтүндө 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү. Иш-чарага айыл аймагындагы тургундар, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү активисттер жана айылдык кеңештин депутаттары катышып, өз ойлорун жана сунуш-пикирлерин билдиришти. Угуунун жүрүшүндө: • Аймактык инфраструктураны жакшыртуу• Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү• Балдарга, жаштарга

Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Токтосунов кыш мезгилине карата мекемелердин даярдыгын текшерүүнү улантууда. Бул жолу тоолуу Лаглан жана Тээке айылдарында болуп, ал жерде мектептердин, фельдшердик-акушердик пунктардын (ФАП) жылытуу системасын, көмүр кампаларын жана жалпы санитардык абалын карап чыкты. Ар бир мекеменин жылытуу мезгилине толук даяр болушу – балдардын жана тургундардын коопсуздугу үчүн эң башкы шарт. Текшерүү иштери мындан ары да башка айылдарды улантылат.

Бюджеттик долбоор боюнча коомдук угуу

                                                                        КУЛАКТАНДЫРУУ!!! Урматтуу Мады айыл аймагынын тургундары! Сиздерди 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча өтө турган коомдук бюджеттик угууларга чакырабыз!

Бүгүн 10-июль күнү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Токтосунов бала бакчалар жана мектептердин кышка карата даярдыгын текшерип чыкты. Мындан тышкары бала бакчалардын санитардык абалы, тазалыгы дагы көзөмөлдөнүп, балдардын коопсуздугу жана ден-соолугу үчүн шарттар талапка жооп бериш керектиги эскертилди.

Scroll to Top