Мады айыл окмоту Кара-Суйского района

Мады айыл окмоту Кара-Суйского района

Новости

Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Токтосунов кыш мезгилине карата мекемелердин даярдыгын текшерүүнү улантууда. Бул жолу тоолуу Лаглан жана Тээке айылдарында болуп, ал жерде мектептердин, фельдшердик-акушердик пунктардын (ФАП) жылытуу системасын, көмүр кампаларын жана жалпы санитардык абалын карап чыкты. Ар бир мекеменин жылытуу мезгилине толук даяр болушу – балдардын жана тургундардын коопсуздугу үчүн эң башкы шарт. Текшерүү иштери мындан ары да башка айылдарды улантылат.

Бюджеттик долбоор боюнча коомдук угуу

                                      КУЛАКТАНДЫРУУ!!! Урматтуу Мады айыл аймагынын тургундары! Сиздерди 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча өтө турган коомдук бюджеттик угууларга чакырабыз! 🗓  Өтүүчү күнү: 2025-жылдын 16-июлу (шаршемби) 🕙 Башталышы: саат 10:00 📍 Өтүүчү жери: Асан-Чек айылы,Б.Мадазимов атындагы маданият

Бүгүн 10-июль күнү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Токтосунов бала бакчалар жана мектептердин кышка карата даярдыгын текшерип чыкты. Мындан тышкары бала бакчалардын санитардык абалы, тазалыгы дагы көзөмөлдөнүп, балдардын коопсуздугу жана ден-соолугу үчүн шарттар талапка жооп бериш керектиги эскертилди.

Мады айыл өкмөтүндө Энелер күнү белгиленди Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында Мады айыл өкмөтүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбеков Нурзаман Карыевич жана Мады айылдык кеңешинин төрагасы Темирбаев Канатбек Сүйүнбаевич куттуктоо сөз сүйлөшүп, энелерге терең ыраазычылыктарын билдиришти. Өкмөт башчы өз сөзүндө : «Эне – бул турмуштун башаты, адамзатынын тиреги. Ар бир ийгиликтүү инсан артында мээрим төккөн эне турарын унутпашыбыз керек. Энелерибиздин кылган түйшүгү, чексиз сүйүүсү – бул баа жеткис байлык. Сиздерге терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бала-чакаңыздардын кубанычын көрүп жүрө беришиңиздерди тилейбиз!» – деп белгиледи. Майрамдык иш-чаранын алкагында маданий концерт көрсөтүлүп, «шайыр апалар» тобу шаңдуу ырлары менен апалардын купулуна толуп, маданият үйүнүн бийчилери кооз бийлери менен майрамдык маанай тартуулашты. Мындан тышкары, таланттуу жаштар жана чыгармачыл инсандар да сахнага чыгып, ырдап-бийлеп, өз өнөрлөрү менен энелерге жана катышуучуларга майрамдык кубаныч тартуулашты. Концерттик программадан соң энелерге белектер тапшырылды. Энелер майрамыңыздар кут болсун!

Прокрутить вверх